балдарым

Жолдошум уйлонуп США кетип жатат, мени кийин 2 кылып ал...


 Саламатсыздарбы?

Куйоом экообуз таарынышып эки жакта жургонбуз. 4-5 жыл чыдадым куйоомо да кайн энеме да бир соз кайтарбай. Акыркы жылы балдарыма да асыла башташты эле, куйоомо озуно жараша мамиле кылдым. Сени сыйлашымы кааласан сен да мени сыйла десем, андай эсептешкен катындын кереги жок деп кет эле кет дегенинен кеткем.
 Балдарды кудайга тапшырдым деген. 8 айдан кийин кел жашайбыз деген, мен макул болуп бара турган болгом. Менин апам конбогонунон озун келип алып кет десем куйоом келбеди. Мурда да бир таарынышып кел дегенде барганда озун келдин деп айткан. Америкага кетем деп атканынан озун кетебер анда дегем. Кайра 3 кундон кийин уйумдогулордун каршы болгонуна карабай макул озум барам бизге билет алабер десем. Болду уже мен чечтим жашабайбыз деп койду. 3 кун мурда жакшы кором деп атып эле конулум калды деп калды.

Корсо кийин билсем ушул убакта бир кыз мн таанышкан экен. 1 айдан кийин мен сентярьда уйлонуп атам бут тоспо деп жазды...
Мен ишенген эмесмин, мындай создорду 5-6 жылдан бери эле ар бир урушта айта берчу уйлонуп алам, разводко тапшырам деп.
2 ай жок болуп кетти. Уйлонуп кийин загсты разводко тапшырып анан жазыптыр мага. Мага же озу же кайн журтум айтып коюшпаптыр уйлоноордон алдын.

Куйоом мага кутом десен кут дейт. Ал аялы мн америкага кеткенден кийин мени кайненемин алдына барып жаша дейт 5 жыл. 5 жылдан кийин келгенде 2 брак болуп жашаганы. Бирок качан алар кеткенден кийин барат экенмин. Мен 2 бракка макул азыр кайненемин жанына барып жашайм десем конбоду. Эгер америкага кетсем гана дейт болбосо кереги жок дейт. Анда дагы бир жиниме тийсен кайра кетирип жиберем дейт.
Мен кайра биз мн жаша омур бою ыраазы кылып жашайм десем болбоду. Жообуму бере элек болчу жиним келип сурап 1 талагымды берди. Баарына мени куноолоп берки аялын мактап эле атат. Ал аялы 18 жашта экен. Куйоомон 15 жаш кичине. Куйоом 33то мен 30 жашта . Жашаганыбызга 7 жыл болгон. 2 балабыз бар.
Балдар мени мн. Америкага барып иштегенде карашам дейт. Ушул жерде сурасанда 1 сом берип койбогон, америкага барганда карашмак беле. Ага ишенбейм. Эки башка олкодобуз. Телефондон эле суйлошуп турам дейт. суйлоштургузбой эле койсомбу ушул бойдон.
 Азыр кичинекей 4-5 жашта корсо кыйналышабы жанынан коргусу келип. 4 айдан бери суйлошушо элек, унутуп деле баратышат.
Бирок 1.5 ай отту, дагы эле жаман болуп атам кундон кунго кыйналып окунуп. Балдарым деле козумо корунбой калды. Ушинтип эле кала беремби. Эмне кылышты билбей атам.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?