
Саламатсыздарбы урматту админ жана группанын окурмандары! Эч ойлогон эмесмин ушул жака жазам деп, бирок кенешиниздерге муктажмын. Соз башынан болсун турмушка 18 жашымда чыккам, мектепте окуп жургондо эле мед колледже окугум келчу, фельдшер мед сестра болууну кыялданчумун. Ала качып кеткен окутуп алам анан колума которуп багам деп. Удаа удаа 3ту тороп 10 жылдан бери уйдо отуруп калдым, окуганга убакыт дагы шарт дагы болгон жок . Бир жыл болду кичине эки жака чыгып салондо иштеп калганыма, бирок баары бир орундалбай калган бала кыял унутулбайт экен. Жакында эле куйом айтты сени алып атканда окутам деп соз бергем быйыл каалаган окуу жайга тапшыр оку, конулуно жаккан жумушта иште деп айтты. 10 жыл бою мен учун баарын кылып келесин, мени ар дайым колдоп котормолоп келдин эми сенин кыялынды орундатканы кез келди деп айтты. Аябай кубанып суйунуп коз жашымды кармай албай калдым. Бирок мени ойлондурган нерсе эми 28 жашка чыгып алып окуй аламбы? Балдарым дагы бар мектетпе окуган, уйдо оокат.Болгондо дагы мед колледже, ал жакта аябай кыйын сабак калтырбаш керек, тырышып болгон убактынды берип окуш керек да. Окугум келет аябай бирок коркуу сезими озумо ишене албай турамын. Мектептен кийин окуган эмесмин, кургап калган мээге бирдеке киреби ? 😂. Араныздарда барбы жашы отуп кеч окуган, кандай болот элдин созу кандай болот, тырышып окуп алсам оз ишин билген жакшы мед айым боло аламбы? Ушул суроолор тынчтык бербей жатат. Озум болсо уй булону биринчи орунга койгон адаммын, ар дайым кулуп жайнап баардык адамдар менен тил табышып кете алам. Кенеш кутом😘👋👋______________________________________________
Отправить комментарий