атаэне

Айылда 11- классмын, жакшы окуй албайм...



 Саламатсызбы чыгарып берип койунузчу. 

Атым аноним болсун. Менин көйгөйүм жакшы окуй албайм математикадан жакшы түшүнбөйм. Быйыл 11-классмын айылда жашайм . Апам такыр колдо көрсөтпөйт дөдөйсүң деп урушат. Биз үй бүлөөдө 6 бир тууганбыз 3-менмин эркек балдар кичинекей эркектин жумушун мен жазайм. Үй жумуштарын жакшы билбейм 😣😣😣 мектепте жакшы эле окуйм математиканы эле билбейм .

Апам өзүнө сонун кийимдерди алып алат сурасам бербейт эжелерим дагы ошондой кыздай болуп колдоно албайсын сен деп кемсинте беришет. Чынын айтсам жашагым келген жок окууну бутуп шаарга кеттим деп асынып алсамбы, уу ичсемби деген эле ойлор келип атат. Классташтарым дагы шылдындайт. Окууга көңүлүм жок жалгыздыктан башка эч нерсе жакпайт. Атам апам деле эркелеткен эмес меерим төккөн эмес. Азыркыга чейин кол которот. Чынын айтсам ушул үйдөн укпаган жаман сөзүм калган жок. Сураныч кенеш бериниздерчи. Ката жазган болсом кечирим сурайм. Алдын ала рахмат
Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный30.10.22

    Чыда териң калың жүнүң жалтырак болот

    ОтветитьУдалить
Скачать?