Ассалому Алейкум айымдар кандайсыздар . Ушул групанын окурмандары жана өз синдилериндей кылып совет,кенеш берип келеген эжелер сиздерге рахмаат. Мен да өз сырымды айтып кеңеш сурайын деген элем . Мен да үй-бүлөөлүү аялмын, 2 кызым бар Аллахыма шүгүр. Мени ойлондурган баягы эле үй-бүлөө маселеси да мен такыр эле женип чыга албай жатамын . Турмушка чыкканыма 5- жыл болду . Кайненемден укпаган сөздү угуп көрбөгөн күндү көрүп жүрөмүн ага да чыдаса болот деп кыздарым жетим калбасын күйөөм жакшыго деп жүрө бериптирмин. Кече күнү өзүбүздүн айылдаш бир жашы улуурак байке мага одноклассниктен жазыптыр . "Карындашым сен күйөөң кантип жүргөнүн билбейсин да үйдө кыздарын менен олтуруп алып, күйөөң ар кайсы кыздар менен күндө кафеде"_ деп жазып тооолтура сөздөр. Ошентип андан соң күйөөмдү аңдышты баштадым. Ошол байке айткандай эле туура болуп чыкты эмне кылсам? Кантип бул жагын женип кете алам? Кантип бир төшөккө жата алам кыздарын ойлосо болот эле деп жүрөгүм кан болуп агып ыйлап олтурам. Күйөөмө айтсам такыр мойнуна албай жатат. Кеңеш бериниздерчи?


Отправить комментарий