Саламатсынарбы админ, эжелер, синдилер! Мен биринчи жолу жазып жатам сиздерге, кенешиниздер керек. Мен күйөөгө чыкканыма 4 жыл болду. 2 балам бар. Үйдө балдар мененмин азырынча. Акыркы 2 ай самооценкам аябай түшүп кетти. Аяштар менден жаш, жакшы кийинишет, жакшынакай, өздөрүн карашат, иштешет. Мен үйдө балдар менен, депрессия болуп, эч ким менен деле сүйлөшпөйм, курбум да жок. Анын үстүнө күйөөмдү эч бир досу сыйлабайт, бир жактарга өздөрү чогулушат, күйөөм аларга жардам бергенде гана керек. Кантип өзүмдүн самооценкамды көтөрөм? Күйөөмө кантип туура түшүндүрсөм катышпай эле коёлу дос сымал тааныштарын менен деп айтсам?


Отправить комментарий