келиндер

17 жыл чогу жашап, куйоом бир шуркияны ээрчип....



Сөздү эмнеден баштасам билбейм турам. Мен жанагы аялы бар экенин билип туруп, аялын менен ажыраш деп, колунан келишинче бирөөнүн үй-бүлөсун бузган шуркуяларга силер Аллахтан коркпойсунарбы? - деп сурагым келди...
17 жыл ... Бүтүндөй 17 жыл... Жаштыгымды,өмүрүмдү,денсоолгумдун баарын арнаган күйөөм 17 жылдан кийин бир шуркуяга азгырылып кетти. Биринчи укканымда ал аялды күнөөлөбөдүм, күнөөнүн баары күйөөмдө дедим. Ал аялга барып жоолуктум баарын айттым,ортодо балдар бар токтот дедим. Ооба деди мен үй-бүлөлүү экенин билбептирмин эми токтотом деп экөө биригип мени алдап жүрүшүптүр. Ыйладым,бакырдым,өкүрдүм жок мындай болушу мүмкүн эмес дедим ... Анткени ар дайым мени сүйөөрүн жана мен жок жашай албайм деген күйөөмдөн мындайды күтпөгөн элем. Ар түнү миң өлүп миң тирилдим... Ал нерсе аз келгенсип мага шуркуясы чалып биз андай жатчубуз биз мындай жатчубуз мен аны сүйөм деп жанымды кашайтты. Өзү мага келип кечирип сурап эле эртеси тиги аялга кетип калат.2 бөлүк

Экөө биригип арак ичишип,көнүл ачышат . Мага ар кандай калп сөздөрдү айтып келет.Буну бир жашоо дейбизби же мандайга жазылган тагдыр дейбизби айтоор сыноодон өтүп жаткан учурум. Кыйын экен өтө кыйын экен... Мен көрүп жаткан күндү эч кимге каалабайт элем душманым болсо дагы. Ар бир күнү жүз бөлүкө бөлүнгөн жүрөгүмдү топтош өтө кыйынга туруп жатат. Бул дүйнө бир кайтаар дүйнө ойнош болуп жүргөн аялдар ойлонгула ! Зынаа бул карыз! Аллахым сөзсүз жазаанарды берет! Аллахым сүйгөн пендесине сыноо берет экен буга да ыраазымын шүгүр. Бул күндөр да өтөр бир күнү менин да жараларым айыгат бирок бир кеткен көңүл кайра кайтып келеби ошол суроо... Айланайын Ар кимдин күйөөсүнө көз арткандар силер эки дүйнө жакшылык көрбөйсүнөр бир билип койгула! 

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?