Саламатсыздарбы айымдар. Жолдошум менен жашаганыма 14 жыл болду 5 балабыз бар азыр мен жаман ахывалдамын. Күйөөм 10 жылдан бери арак ичет иштебейт балдардын пасобиясына анан туугандар жардам берет. Күндө балдар менен коркуу сезимде жашайбыз соо келсе экен деп. Ызы чуу салат балдар коркот көрүнгөнгө мени жабыштырат бирөөн барда деп балдардын көзүнчө жаман сөздөрдү сүйлөй. Мас болуп алып берген тамакты жөн ичпейт, столду көнтөрүп салат. Балдарымды алып алып төркүнгө кетип калгам эми эмне кылсам. Бир туруп кайра барайын дейм барганда кайра эле ошол жашоо болот да. Же ажырашып кетип өз оокатымды кылсамбы мага акылдарыңарды айткылачы. Кандай кылыш керек бир келген өмүрдө кор болуп өтөмбү. Ансыз деле нервныймын койгон нерсемди 5 мүнөттө унутам лицевой неврит болдум. Бир беттим кыйшайып кудайга шүгүр айыгып кетти. Мага мотиватция бергилечи не кылышым керек мага окшогондор бар болуш керек акылдарынарды айткылачы.


Отправить комментарий