Саламатсыздарбы. Мен да улуу эжелерден кенеш сурайын деп чечтим .... Кайын энем жашообузга тынчтык бербей эле келе атат. Турмушка чыкканыма 8ай араң болду ушул ай ичи кайын энемден укпаган сөздү уктум. Көрбөгөндү көргөздү ,үйдөн кубалаганга чейин барды ,айтоор ушунчалык көңүлүм калдыыы. Жолдошум үйдүн кичүүсү ,жолдошумду кызганып уруш чыгара берет, ошентип акыры үйдө тынч жашоо болбой калганда , убактылуу бөлүнүп жашоону туура көрдүк. Жолдошум башында көп ойлонду кантип бөлүнөм, туугандар эмне дейт, эл эмне дейт деп. Аягы бөлүндүк өзүнчө квга чыктык , жашообуз баштагыдан тынчый түштү ,тапканыбыз дагы берекелүү болуп. Кайын энем болсо небереси экөө турат...8айдан бери бөлүнөлү десек макул болбой жүрдү кетсеңер топурагымды түйүп берем деп, акыры чечим жолдошумдуку болду. Жолдошума эмне созун айтты билбейм.... Ошентип бир ай квартирага жашадык. Эми кайра кайын энем жашаган үйгө барып жашайбыз деп атат жолдошум. Кантип барам , ушунчалык көңүлүм калыптыр ,заарканып калыпмыр такыр баргым келбей жатат. Азыр өзүмдүн дагы 7айлык боюмда бар.
Ал үйгө барганда баягы эле тынч жашоо жок. Ал үйдөн кысылам , басалбайм же тура албайм....Эмне кылышты билбей калдым. Сиздердин кеңешиниздер керек .Эмне кылам..? Ар бириңиздердин оюнуздар мен учун маанилүү..!


Отправить комментарий