Саламатсыздарбы! Аябай ойлонуп олтуруп акыры жазууну чечтим. Эмнеден башташымды билбей турам. Негизи аябай чарчагандай болуп атам. Акыркы кундору нерф болуп озумду кармай албай атам. Жолдошум чет жакта иштейт. Экөөбүз чогуу болгон убакта, үйлонгондон бери эле бизде тошок маселеси аз эле болот. Ашып барса бир жумада 1 кээде эки жолу. Кээде болбой деле калат. Куйоом жашы улуураак болгонгобу же билбейм айтоор ошондой болуп калат. Мен жашмын каалайт экенсин. Бирок, аял болгондон кийин дагы дештен уялат экенсин. Акыркы убакта эмне болуп атканымды билбей, тушунбой жатам. Нерф болуп, башым зынылдап, озумду кармай албай балдарыма кыйкырып салчуу болуп атам. Балдарым ыйлаак, ынжыык. Ошогобу же куйоом алыста болгонгобу билбейм аябай нерф болуп атам. Мен бул нерседен кантип чыксам болот. Уйдо олтуруп бук болуп кеттим. Куйоон жок аяшкаларга деле кошула албайт экенсин. Тойлорго же башка жакка бара албай. Барайын десем балдарым катар-катар болуп чыга албайсын. Бугун нерф болуп жашоодо биринчи жолу куйоому ватсаптан заблок кылып ойдум. Билбейм эмнегедир менин ушул акыбалга тушушумо ошол куйоом себепчуудой болуп эле. Катуу жиним келсе калтырап калып атам. Бул эмнеси? Кандай кенеш бересиздер эжелер? Эмне кылышым керек? Канткенде суйуктуу жар болом. Апам глицин деген таблетка ичет экен. Калтырап нерф болуп атканда анын кагазын окусам бала эмизгендерге болбойт деген жери жок экен, ошого бироосун тилимин астына салдым. Ошентип ичет экен окусам. Бирок анын канчалык денгээлде пайдасы, зыяны мага тийээрин билбейм. Араныздарда ушул даарыны ичкендер барбы?
Кеңешиңиздерди бериңиздерчи? Баарыныздарга бактылуулук каалаймын!

Отправить комментарий