Саламатсыздарбы, чыгарып бересиздерби) Жашым 22 де, 19 жашымдан баштап жаман жолго түшүп кеткем 2 жыл иштеп мындайчы айтканда арам акчага азгырылып). Башка өлкөгө барып иштеп келгем, азыр эми турмушка чыкканы жатам, жигитим намаз окуган верный, аябай жакшы адам, эми турмуш куралы деп атабыз, кантип айтам? Мурда сойку болуп иштечүмүн деп? Айтпай койоюн десем аябай коркуп жатам, кыңыр иш кырк жылда билинет дейтго, кийин билсе такыр кечирбей коёт...
Негизи өзүм 4-классымда апам таштап кеткен). Атам менен чоңойгом религиозная болчумун) 16 жашымда атамдын көзү өтүп кетип, атамдын биринчи аялынын кыздарынын үйүндө жүрдүм. Күн көргөзүшпөчү ар кимисинин жумушун кылып баласын бакчумун. Биринчи жолу бир бала менен жаткам 3000 сомго) Ошодон кийинчирээк чет өлкөдөн жумуш таап качып кеткем) Көп нерсе болду жашоомдо айтсам узак сөз) сойкулар деле жыргаганынан ушул жолго барбайт экен).. Телегейим тегиз болсо башкача болот беле)


Отправить комментарий