келиндер

Куйоом биринчи суйуусу мн Москвада жашап алыптыр...

 


Админ, саламатсызбы!Жанымды койоорго жер таппай,тызылдап жүргөн кезим..3күн мурун ооруканадан чыктым,капельница алып даарыландым..Балдарымды убактылуу синдим карап турду..Бул жака жазганымдын себеби, алаксып, эже-апалардын кенешин уксамбы-дедим..Мага азыр дем-күч керек болуп турат..Жолдошум мага көп убадаларды берип Москва шаарына кетти эле, башында чалышып эле жүргөн элек, көп өтпөй телефонун өчүрүп коюп жүрдү..Мен бул жактан сар -санаа болуп, улам-улам чалганыма карабай, кайра чалып койчу эмес эле...Ага деле көндүм, бөтөн жерде кыйналып жатса керек-депчи..Башында 1ай бир 5мин рубль салып жүрдү, анан эле жумуш жок,үйдөмүн-деп баштады..Анда мен кичүү кызымды жаныма ээрчитип, балдарымды кошунага дайындап домдордун подъездин жууп акча таап жүрдүм,түн ичи заказ алып тигип ..Жолдошума кайрылып, үйгө кайтып кел,эгер иш болбосо-десем,ар шылтоону айтып мени алаксытат күн сайын...Анда мен сага барам,чогуу иштесек -бат буттан турабыз-десем дагы, мени келтиргиси жок болчу...Аябай кыйналсам дагы

, аны аяп, эми жыргап жүргөн жок, сабырдуу болойунчу-деп,өзүмдү тыйып жүрдүм..Май айынын башында Москвадан жолдошумдун досунун аялы келген..Баардык ачуу чындыкты ошондон угуп, үстүмдөн муздак суу эмес, ысык -кайнап турган суу куйгандай эле болдум 😪..Мен күйүп кеттим ошол учурда, ичим өрттөнүп жатты..Андан бери мына 2ай өттү, өзүмө дагы деле келе албай келем..Жолдошум менден мурун сүйлөшкөн биринчи сүйүүсүн жолуктуруп, экөө ошол жактан табышып, чогуу жашап алышыптыр!!!Кыйналып жүргөн кезимде, өзүмө келип, алаксыйын-деп,балдарымды алып синдимдин үйүнө 10күнгө кетсем, үйүмдү талкалап кирип, өзүм бир тыйындап чогулткан оокаттарымды көтөрүп кетишиптир, жада калса балдардын кийимдерин, коляскабызды, ходунокту, духовканы, эски телевизор, жер төшөк, паластардан бери жок 😱😢..Көргөн көзүмө ишенбей жыгылып калыптырмын ошондо, кошуна эже тез жардам чакырып, мени алып кетишиптир..Аябай жүрөгүм ооруп, ичим ачышып турган кез..Жолдошума эч нерсе айткым келбейт, ал дагы өзү такыр чалбайт..
Жашоомду кара так басып кеткендей, бир жакшы жанылык жок 😪. Ушул адамга кайдан жолуктум-дейм,айлыгы аз болсо дагы мугалим болуп эле иштеп жүрө берсем,мүмкүн жашоом башкача болмок?!Күйөөдөн жыргаган жокмун!Өкүнөм!!Убакытты кайра артка түрдүрө алсам 😪...
Болгон окуя боюнча арыз жаздым укук коргоо органдарына, издеп табууга аракет жасайбыз, бирок изи суу п калыптыр негизи -деп коюшту ..Милицияга күндө чалып, тажадым..
Ооба, баш аман болсо, калганы табылат-деп коет го, а бирок кандай оор аны кылган..
Эмне үчүн тагдыр татаал?Мен кайсы күнөө үчүн жооп берип жатам?Качан күн жакшы болуп жанырат мен үчүн?Эми кантем?-деген суроолор мени кыйнап келет...
Жолдошумдан көнүлүм калды,балдарым үчүн эртен менен көзүмдү ачам...болбосо жашоонун маңызы башка жок..
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?