келиндер

Бакытымды жоготуп алганы турам...

  


Шаарга жаңы келгенде бир эже менен батирде чогуу жашап калдым. Менден жети жашка улуу эле. Экөөбүз эки жыл жашап жакшы эле ынак болуп калдык. Ачык-айрым жаны мага жигиттери жөнүндө айтып бере берчү. Бир күнү чай ичип отуруп:

- Мен бир жигит таптым, ошого тиет окшойм. Сени Нурик менен тааныштырайын, сүйдүрүп ал,-деди. Нуриги өзүнөн төрт жашка кичүү, артынан ээрчип жүргөн жигит экенин билчүмүн. Мен көнгөн жокмун. Бирок эже:
- Ал сага сонун жигит болуп берет. Менден кичүү дебедим беле, а сенден үч жашка улуу болот. Мага акчалуулар, сага билимдүүлөр жагат да. Кыскасы, ал - сенин табитиндеги адам, - деп атып макул кылды.
Ошентип Нурсултан экөөбүз жолуктук. Ал мунун баары Гүлзат эженин уюштуруусу менен болуп жатканын, менин ал тууралуу кабарым бар экенин кайдан билсин, эч сыр алдырбады.
Көп өтпөй Гүлзат эже баягы айткан жигитине турмушка чыгып кетти. Гүлзат эже жок кулак-мурун кескендей тынч жашоодон тажап жүргөн бир күнү Нурсултан жолугушууга чакырды. Зеригип отурган жаным “жок” деген жокмун. Ал жолугушууда болгон сырын ачып жактырган кызы чанып башкага тийип кеткенин айтып отурду. Мен анын Гүлзат эже тууралуу айтып атканын билсем да билмексен болуп угуп койдум. Ошондон кийин жолугушууларыбыз көбөйүп отуруп бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк да, анан баш коштук. Балалуу болуп бактылуу жашап атканыбызда биздин жашообузга Гүлзат эже аралашты. Бир күнү тамактанып отурсак күйөөмдүн телефонуна “Гүлзат эже” деп сакталган номерден чалуу келип, күйөөм сыртка чыгып көпкө сүйлөшүп келди. “Гүлзат эже” деген жазууну окуганымда жүрөгүм “шуу” этти. Сыр бербей ким экенин сурасам “жумуштагы эже” деп койду. Ошондон баштап күйөөмдүн телефондон сүйлөшкөнү, кеч келмейи көбөйүп мага жасаган мамилеси да өзгөрүлүп баратты.
Бир күнү ойлонуп Гүлзат эжеге чалмак болдум. Оюмда уяткарып коёюн дегем. Номери баягы эле экен, өзгөртпөптүр. Чалсам эмне деди дебейсизби?!
- Нурсултанды сага кор кылбай өзүм эле тийип алсам болмок экен. Анын сүйүүсүн чанып бакыт деле тапкан жокмун. Бирок үй-бүлөңдү бузбайм, коркпо. Мага экинчи чалба!-деп телефонду коюп койду. Ошондон баштап менин жан дүйнөмө бүлүк түштү. Күйөөмө баарын ачык айтып Гүлзат эже менен мамилесин токтотушун талап кылсамбы?..
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?