Саламатсыздарбы? Бүгүн мен да сиздерге өзүмдүн турмушумду жазып кеңеш алайын дедим, ойлоно берип башым деле жетпей калды.
Турмушка чыкканмын, бир балам бар 2 айлык болдук, кудайга шүгүр. Өзүм орто жашаган уй - бүлөнүн кызымын. Бала кезден эч нерседен кем болбой чонойдум. Бир эмес 2 жогорку окуу жайды буттум. Бирок кыз бала бироого карам болуп жашайт турбайбызбы. Озум иштеп жургондо эч нерсеге зарыкпай кээ бир учурда үйгө каралашып жүрдүм. Анан турмушка чыктым. Баары ошондо башталды. Негизи иштеп журуп кеч турмушка чыктым. Айылда жашайбыз ишинден чык деп иштен чыгарышты. Бирок мага калынга деп кредит алышкан экен аны төлөш керек болуп, айылда иш жок күйөөм менен кайра шаарга келдик. Мага иш табыш оной эле болду. Айылдан келе жатып эле иш сүйлөшүп койдум. А жолдошум иш таппай аябай кыйналып журду. Ага чейин кварплатты да кредитти да өзүм төлөп жүрдүм. Боюмда да бар болчу. Алган айлыгымды бир сомун өзүмө алып калбай квартирага, кредитке берем.Боюмда бар туруп 2-3 күндөп ачка калып, түнү менен ыйлаган күндөрүм көп болду. Мага кошулуп байкуш жолдошум да 1-2 жолу ыйлады " кечирип кой, сени жакшына бага албай жатам" деп. Акыркы учурда "кетип калбайсынбы" деп коркчу да болду. Ошентип жүрүп эрте төрөп больницада 1 айдан ашык жаттык. Жолдошум эптеп бир жумушка кирди. Больницага аябай көп акча кетти. Карыздарыбыз дагы көбөйдү, квартирага кредитке да акча жетпей кыйналдык, көйнөктөрдү саттым, жолдошумдун телефонун саттык, алтын, күмүш баарын саттык. Акыры сатканга да эч нерсе калбады. Мына акыркы 2 айдан бери бомж болгону калдык. Банктан үйгө келишет. Кредитти төлөгүлө деп, карыздар турат бергиле деп, квартирага да араң төлөп жатабыз. Балага памперс ала албай да калдык, анча мынча ооруп да калып атат дары-дармекти карызга алып жаттык эле, эми эч ким карыз бербей койду. Үйдө отуруп иштөөнүн жолдорун далай издеп көрдүм эч майнап чыкпай жатат. Көчөгө баламды прогулкага алып чыкканда элдин колун карап алар жеген нерсени жегим келип
Аябай жаман абалга түшүп карабаганга аракет кылып жүрөм, кээде көчөдөн 20-30 сом таап алсам сонун болот эле. Мен да мороженое жейт элем деп ойлонуп калам.
Азыр болсо нанга акча жок, ун алалы десек ага да жок олтурабыз, ата-энемден жардам сурай берип уялып калдым. Анын үстүнө алар да үй салып кыйналып турушат. Бир нерсе десем өзүң тандап тийгенсиң дейт. Эмне кылсам? Дагы 3-4 балалуу болгуча ажырашып кетип эле, балам экөөбүз жашасакбы, себеби кайын журт тарап аябай жакыр жашайт, 3 кайнежем бар, алар да кече менин жолдошумду карап турушат. Айлык алдынбы, нанга унубуз түгөндү тиги бу деп, кайненем оорукчан, ага айсайын дары дармек алып бериш керек. Мындай карап турсам үй-бүлөда жолдошум жалгыз эркек болгон үчүн түйшүктүн баарын ушуга артып коюшкан, кайнежемдердин экөө ажырашкан аларды 2ден 4 баласы да биздин моюнда олтурат, кайнежеидерди өзүңөр да аракет кылгыла кыйналдык десем, инимдин тапканын жеп олтурасың дейт. Бирөөсү ооруйт иштей албайт жок дегенде бирөөсү иштеп жардам берейин дебейт
Дастан, дастан кылып жазганым үчүн кечирим сурайм, эч кимге айта албай, эч ким менен бөлүшө албай олтурам. Күндө бир маал ыйлап алмай адат болуп калды. Айлам кетип жатат. Ажырашып өзүмчө тынч эле жашасамбы
Дастан, дастан кылып жазганым үчүн кечирим сурайм, эч кимге айта албай, эч ким менен бөлүшө албай олтурам. Күндө бир маал ыйлап алмай адат болуп калды. Айлам кетип жатат. Ажырашып өзүмчө тынч эле жашасамбы


Отправить комментарий