Саламатсынарбы. Сураныч аноним болсун.Мен да оз ойумду болушкум келди. Мумкун жакшы кенеш айтылып калаар деген умуттомун. Турмушка чыкканыма 6 жыл болду,кызыбыз бар,экинчимди мына мына кутуп жатабыз. Кеп жолдошумда. Иштейт. Табат. Бирок бизге карамы жок. Эрте мн кетет,кечинде кеч келет биз уктап калгандан кийин. Уйдо анча мынча эркек жумушту озум эле кыла койчумун суранбай эле. Азыр боюмда болуп оор которо албай,уй жумуштарын сурансам кулагынын сыртынан кетет. Уккусу жок. Катуурак айтсам иштеп жатам дейт. Эмне,омур бою ушундайболобу эми? Выходной да албайт. Кызынын тарбтясына да катышпайт. Тошокто болсо коен. 2секундда эле бутуп калат. 6жыл бою конулу калбасын деп акырын айтып,врачка бар деп койчумун. Эми чыдабай баратам. Катуурак айтсам уруша кетебиз. Чала олгон жыландай эле туйлап кала берем. Жашым 30да болгону мн 60дагы кемпир сезем озумду. Мен да аял катары уйдо эркек бар экенин сезгим келет.Эл катары балдарым кечинде атасы мнбирге тамактанса деп кыялданам.Бирок анын бири жок.


Отправить комментарий