Саламатсызбы,чыгарып бересизби? Чоон рахмат алдын ала. Мен бир де да жазган элем, эми да жазып турам кенешиниздерге муктаж болуп, учурда кош бойлуумун 35 неделя , чынын айтсам мен дагы адашып калгамын, жигитимен кош бойлуумун, ата энем билет, туугандарым билишпейт. Ушуга чейин эптеп 9 айга чейин озуму багып баланы торойн деп калдым шугур, апам да колунан келишинче жардамын берет , тапканын берет. Атам билет бирок, андай кызым жок, ким менен жатса ошого барсын , андай жалап учун эчнерсе жок деп жазганын окуп калдым кокусунан , туура эле тушундум ким болсо да ушинтмек, апам бар шугур жардам берет бирок апамда атамдын колун карайт , иштебейт жаш баласы бар. Жигитиме келсек, жакшы бала жаман алдап кетти дебейм, ал да колунан келишинче жардам берип турат, баланы торолушун каалайт, уйундогулору билишет, бирок каршы окшойт, мага ачыгын айтпайт кыжалат болбо деп, таштап кетет деп айта албайм , себеби ушу кунго чейин жардам кылып ыйласам сооротуп журду,
Ата энесинен же менден баш тартып кете албай атат, менда кылган ишиме ото окуном, бирок баланы дагы жок кылгым жок. Кенешим, кантип мындан ары озуму туздоп жашап кетсем болот? Баланы озумду озум баккым келет, апама да ашыкча болгум келбейт, ал да биронун козун карап отурат, коруп журогум сыгылат, бирок баланы да таштай албайм, кантип бала менен иштеп , бутка туруп кетсе болот? Копту коргон, жашоону ойдо ылдыйын коргон эжелерден кенеш сурагым келди🙏🏻

Отправить комментарий