балдарым

Мен торой албаган баланы ойношу тороп берди...



  Биздин үч кызыбыз бар. Кыздарым чоңоюп калган кезде жолдошума уул төрөп берүүгө бел байладым. Анткени жолдошум өзү жалгыз бала болгонгобу, кайын журтума уул баланын орду абдан эле чоң. Акыркы убактарда кайнежелерим, кайынсиңдилерим ачык эле: “Тукумуңду улачу эркек бала керек сага!”-деп калышкан. “Кудай буюрган күнү болот” деп сыр бербегени менен жолдошум да уулдуу болууну абдан каалаганын кызуу кезинде билдирип койчу.

Ошентип дарыланып, эсептетип эркек бала боюма бүтүшүнө абдан аракет кыла баштадым. Бирок Кудай тилегимди дароо эле орундата койбоду. Ден соолугумда олуттуу деле көйгөй жок экен, бирок негедир такыр боюма бүтпөй койду. Мен да улам күчтүү деп уккан гинекологдорума барып, аракетимди токтотподум. Мына -мына деп ар бир айды күтүп атып эле убакыт билинбей өтүп жашым 40ка келип калды.
Жолдошума ЭКО жасаталы деп айтайын деп жүргөм. Тилекке каршы, мен кечигиптирмин...
📌Бир күнү күйөөм эшиктен кубанычтуу кирди. Көздөрү жайнап, күлкүдөн уурту жыйылбайт. Мен таң калып эле карап калыпмын. Анда күйөөм:
- Мен эркек балалуу болдум!-деди сүйүнүчүн жашыра албай.
Негедир менин башыма ушундай ойлор көп келчү. Бир күнү болбосо бир күнү ушундай болорун элестете берчүмүн. Бирок эрксизден келген ал ойлорду жаныма жуутпай кууганга шашчумун. Тобо, так мен ойлогондой болуптур.
- Кимден? Качан? Кайсыл убакта үлгүрдүң? -деген суроолорума шашпай отуруп жооп берди.
Көрсө, баары пландуу түрдө болуптур. Убакыт өткөн сайын эркек балалуу болуудан үмүтү үзүлүп, ал бакытты сырттан издей баштаптыр.
Канчалык өзүмдү кармайын дегеним менен болбоду. Ызама чыдабай чаң-тополоң чыгардым. Күйөөм эч нерсе болбогондой: “Мен баламды да таштабайм, силерди да таштабайм. Эч нерсе болбогондо оокатыңды кыла бер”,- деп сөзгө чекит коюп койду.
📌Ушинтип бир заматта жашообузда кескин бурулуш орун алып, мен үчүн аалам аңтарылгандай эле болду. Аны сезип койбой өз бактысына мас болуп жүргөн күйөөмдү көрүп ичимди кызганыч өрттөйт. Мен минтип 15 жыл чогуу жашаган өмүрлүк жолдошумду бирөө менен бөлүшүп жашай алчудай эмесмин. Айрым аялдардай кең пейил эмес экенмин. Сот аркылуу ажырашып, биротоло бир жактама болуп өз тиричилигимди кылганым дурус окшойт...Эмне кылсам сиздердин кенеш сурайм..
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?