кошулуу

Жигитим тошоко мажбурлап жатат...

 


Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын, жигитим бар. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Жолукканыбызда мага жармаша берет, бирок үйлөнмөйүнчө кыздыгыңа тийбейм, деп айтат болчу, Кыйналып жатам, ошентсе да башка кыздарга барбайм, сени менен гана болгум келет, дейт болчу.

Туура эмес экенин билем, бирок жигитим, кыйналып, жаман болуп жатпайбы. Эмне кылышым керек?
Жигитим экөөбүздүн ортобузда интимдик мамиле жок, ошондуктан ал кыздарга бара турганын ачык айтты кече ,Биз үйлөнүү тоюнан кийин гана кошулабыз деп сүйлөшкөнбүз.

Мен андан сураган эмесмин, билгим да келген эмес. Ал болсо “мен сага калп айткым келбейт” дейт.
Айтыңыздарчы сүйлөшкөн кызы бар бирок жыныстык катнашты башка кыздар менен курганы нормалдуу нерсеби? Ал мени сүйөбү? Кийин үйлөнгөндөн кийин да барганын токтотпосочу кандай болот?
Кийинки күндөрү жыныстык катнашка барууга мажбурлачу болду. “Мага ишебейсиңби? Мени сүйбөсүңбү?” - деп таарынат.

Мен аны сүйөм, бирок жыныстык катнашка даяр эмес экенимди айтсам, таарынып, телефонго жооп бербей жатат.

Кызыктай абалда калдым.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?