Саламатсыздарбы. Жашым 29 да, иш менен деп жүрүп убакыт кантип өткөрүп жибердим , эми турмушка чыгайын десем сүйлөшкөн жигитимдин ата-энеси каршы болуп жатат "Жаш айырмабыз 2 жаш үчүн"болбосо мен турмушка чыга элек кызмын а жигитим дагы үйлөнө элек жигит. Мени ата-энесине алып барган көрсөтүп, аларды алдабай туурасын айтсам (жашым жөнүндө)эми мынтип каршы болуп жатышат. Кантип биз баш кошо алабыз? Ата-эненин макулдугун алуу үчүн же жигиттин ата-энесинин макулдугу сөзсүз эмеспи а кыздыкы макул болсо нике өтөт деп Чубак Ажыбыздан көрдүм эле. Биз эмне кылсак бирге боло алабыз? Жигитим өзүмдөн 2 жашка кичүү, мендей тоскоолдука туш болуп бирок женип чыккан учурда үй-бүлөөө кура алышкан жубайлар билишеттир кантсе болот экенин,кыйналып чайналып кеттим😔. Бирок ошол адамга гана турмушка чыккым келип жатат. Кенеш бериниздерчи.


Отправить комментарий