Саламатсызбы? Менин да катымды чыгарып бере аласызбы? Атым аноним болсун. Ар бир эле адамда жакшы көрүү сезими болсо керек. Мен 3 жылдан бери бир адамды аябай жакшы көрүп келе жатам. Башында көп деле көңүл бурчу эмесмин. Анда- санда эле бири-бирибизге жазып койчубуз. Ал адам менден 14 жаш улуу. Бирок эмнегедир акыркы күндөрү аны ойломойун тура албайм. Болгон оюмдун баары ошол адамда. Ойгонсом оюмда,уктасам түшүмдө. Ал адамдын үй-бүлөөсү жок. Абдан жакшы адам. Түшүнүктүү,акылдуу,сыйчыл. Мен ал адамды аябай катуу сүйүп калдым. 9 ай болду бат-баттан сүйлөшүп, чалышып,жолугуп турабыз. Эң негизгиси ал менин сөзүмдү угат, менин оюм менен болот. Өзүм эмки жылы окууну бүтөм. Кандай ойлойсуздар 14 жаш өтө эле улуу эмеспи? Көпчүлүгүңүздөр ойлошуңуздар мүмкүн өзүң теңдүү эле бала таппайсыңбы деп бирок мен ал адамга байланып калган сыяктуумун. Алдын ала рахмат...


Отправить комментарий