Ассалому алейкум акылдуу ажарлуу айымдар. Мен дайым окуп келем ошол менен бирге өзүмдүн жүрөгүмдү бөлүшөюн деп чечтим жакшы кенеш күтөмүн.Чоң сүйүү менен баш коштук кыз жигит болуп 2 жыл сүйлөшүп ак нике менен баш коштук. Арулуугумду ошол жигитиме арнап ак жоолукчан келинчек болуп жылдар өттү кошо иштешип акча табышып. Бирок 6 жыл өтсө дагы бала жытын жыттабадык кайын журт деген тынч койбойт экен. Күйөөм баласыз болуп өтөт деген деда мен үмүтүмдү үзбөдүм ишенчүмүн балалуу болушка. Бирок кайын журтум кирише беришкенинен күйөөм мени коргочу эмес ошого ызаа болуп өз сүйүүмөн кечтим эмнеге дейсиздер? Ал деле ортодо өрттөнбөсүн башка аялдан балалуу болоор балким дедим. ЭКО дейсиздер аныда баарына жаман көрүнүп өз ден соолугумду жеп жасаттык болбоду. Анан кеттим акыры ичимен ыйласамда сыртыман такыр көз жаш кылбаймын күйөөм мени оорукчан деп таштап кеттин деп жообумду берди. Бирок ал жокто жакындары айткан ачуу сөздөрдү билди бекен? Мен баласызда өмүр сүрүп кетем болгону сен мени коргочу дечүмүнн. Тагдыр деп жообумду алып кан ыйлап ден соолук нервимди жеп жаштыгымды жеп чыгып кеттим бирок жакшы жигитке турмушка чыктым. Экөөбүз тең балалуу болдук мени кыйнаган күндө түшүмө кирет бактысызмын деп тынчы жок боло берет. Мен сүйүүмдү унутпай келем никемди сыйлап ал менен такыр байланышым жок. Жашоом жакшы бирок күйөөм биринчи күйөөмөн өзүнөн өзү кызганат ал тирүү сен жолугасын сүйлөшөсүн силердин сүйүүңөр өчпөгөн, урушуп согушуп мушташбаганбыз дегенсин деп эле кээде эзип салат. Кетем десем мен сени сүйөм ошого кызганам дей берет. Бирок мен такыр мурунку жашоомду козгобоймун жүрөгүмдө баары. Бир нерсени анык билемин жашоо күчтүү адамдыкы сыноо сынбаган адамдыкы. Мен ошол үчүн баарымы бердим оорукчан болдум. Өмүр бою биринчи күйөөсү экинчи күйөөсү да деген тамга басылганы өкүнүчтүү болду. Сүйүүнүн курманын болдум. Эркегимдин боштугу болду мени жологон тоом боло албаганы жоопкерчиликсиз мамиленин курманы болдум. Мен өзүмдү өлтүрдүм, күлкүм менен жаштыгым калып кетти. Өкүнүчтүүсү эркек дегенге ишеничим жок болуп калды. Канткенде ал адамды түп тамыры менен жок кылып эсимен жүрөгүмөн түшүмөнда чыгара аламын?


Отправить комментарий