келиндер

Экинчи аял алуусуна каршы болуп, өзүм бирөөгө экинчи аял болдум”



 Күйөөмдүн экинчи аял алуусуна каршы болуп, өзүм бирөөгө экинчи аял болдум”


“Күйөөм өз жумушун кылып, мен балдарыбызды үйдө карап, жакшы эле күн өткөрүп жатканбыз. Бир учурда күйөөм кеңеше турган маселе бар экенин айтып мени жанына чакырды.  Макул болуп экөөбүз сүйлөшүү үчүн жанына бардым.

❣Ошол кезде ал экинчи аял алайын. Бир келин бар жакында эле күйөөсү автоунаа кырсыгынан каза болуп 4 баласы менен жесир калды. Аны аялдыка алып каралашып турайын деген сунушун киргизди. Ал учурда кызганыч сезимим күчөп, күйөөмдү андан ары сүйлөтпөдүм.

❣Менин кош бойлуу экенимди эстеген эрим ойлонуумду өтүндү. Мен ойлонбой турганымды айтып, сен аны ала турган болсоң мен бул үйдөн кетээримди билдирдим. Ошол учурда күйөөм сооп иш үчүн алаарын, мени жакшы көрөрүн билдирди.

😤 Мен такыр көнбөгөн соң мени ойлоп ал аялга үйлөнбөдү. Ошентип убакыт өтүп, биз кыздуу болдук. Арадан бир жыл өткөн соң күйөөмдүн ден соолугу начарлап кетти. Анын натыйжасында күйөөм каза болуп, жалгыз 4 балам менен агамдын үйүнө бардым.

❣ Күйөөм жок анын баштаган иштери калып, жарды жашоого кептелдик. Агамдын 5 баласына менин 4 балам кошулду. Балдардын ызы-чуусуна жеңем чыдабай баратты. Аны сезип, мен квартирага чыгуума туура келди. Бирок агам каралашып турду. Убакыттын өтүшү менен агам бир жигит менен тааныштырды. Ал мени алаарын, бирок аялы менен кеңешээрин билдирди.

😭 Өткөн окуяларды эстеп төөмдөн муздак суу куюлгандай болду. Ошондо гана күйөөм менден уруксат сураганда бир пенде мендей турмушту башынан өткөргөнүн ошондо гана түшүндүм. 😪

😑 Кылган кылыктарым үчүн уялып Алла Талаадан кечирим сурадым. Түнү менен намаз окуп келинчегинин уруксат берүүсүн сурандым. Ал жигит келинчегин ээрчитип келиптир. үйгө кирген соң аялдын калтырып өзү чыгып кетти. Не деп айтат экен деп ыңгайсыздана турган учурумда колумдан кысым макул экендигин билдирди. Ал учурда экөөбүз биригип ыйлап алдык.

🙂 Ошентип мен өзүм кетирген каталык үчүн өзүмө жооп алдым. Менин айтаарым ойлонбой туруп чечим чыгаруудан мурун баардык нерсени ойлонгула дээр элем аял затына”
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?