Саламатсызбы мен 3жыл мурун жаштык кылып семейный адам менен жүрүп боюмда болуп калганынан жашап калганбыз. Кайненемдин уруксааты менен, азыр эки балабыз бар бирок жашап калганыма өкүнөм азыр. Убагында жаш жигиттерди тоготпой журуп ушул адам менен жашап калганыма өкүнөм. Аялы жөнүндө ооз ачпайм такыр аялын эстесем жаман болом. Азыр бизди билсе аялы кандай акыбалда калат деп. Ошондуктан азыр кетип калсам 2 баламды кантип багам деп корком, акыркы күндөрү өзүмдүн көңүлүм калып баратат. Кетип калсам таап алат мени койбербейт бирдеке болсо балдарды алып койом дейт. Эмне кылсам кетсем бала менен кандай жумуш кылсам болот? Урушпаныздар совет сурайын дедим. Айтып кетээрим бойдок кыздар семейный адам менен сүйлөшпөй койгонунар жакшы болбосо өмүрүңөрдүн жаштыгынардын баары өкүнүч менен өтөт.
Аялы билбейт калган туугандары, Бир туугандары бүт билет келип катташып турушат биз менен дагы.

Отправить комментарий