кыздар

Жигитимдин аялы бар экен...



 Жигитимдин аялы бар экен...


Саламатсыздарбы
Мага кенеш бериниздерчи. Мага негатив жазбаныздар. Озумда ансызда кыйналып жатам.

Мен 3-курста университетте окуйм. Азыр интернеттин заманы болгонуна байланыштуу, телефон менен бир жигит менен тааныштым.

Ал менен кундо суйлошуп турабыз. Суйлогондору орду менен мага баары жагат. Мен аны кундо унун уксам ошого эле кубанычтамын.

Качан жолугабыз десем буйруган куну деп коет. Мага акча жагынан ар дайым жардам берет. Ошонтип 1 жыл суйлоштук. Мен куткон кун да келди акыры 8- март куну жоолукмак болдук.

Экообуз жолуктук. Шаардын ичиндеги бир кафелерден тамак ичип отурсак анын бир тааныштары биз отурган жерге келип учурашып калды, да баягы айтып жаткан чурок ушулбу деди. Ал ооба деп кулуп койду.

Анан алар да биз менен отуруп тамак ичип отуруп калды. Откон кеткенди суйлошуп отуруп тиги ажыдаар сени кантип чыгарды- деп сурап калды. Ошол учурда оюма ар кандай ойлор келип, сразу эшикке чыктым да кетип калдым. Аркамдан чыгып колумдан кармап кое бербей эгер кетип калсан мындан ары мени менен суйлошпосон ,мен сени олтуруп салам же интернеттен сен жонундо жаман создорду таратам. Мен турмого тушуп келгем эч нерседен коркпойм:- деп коркутуп жатат
Менин номеримди курбу кызыман алганын айтты.

Уйго келип курбу кызыма чалып сурасам. Мен силерди мынчалыка суйлошот деп ойлогон эмесмин дейт. Анын аялы бар экенин жана кызы бар экенин айтты.

Ошондон бери шокто жатам эми кандай кылсам экен сиздерден кенеш кутом...
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?