Кайда барбагын той: көчөгө чыксаң кафе-ресторандар, инстаграмга кирсең сүрөттөр, дүкөнгө барсаң көйнөктөр. Жадакалса, туугандарыңдын эки сөзүнүн бири той. Качып кутулууга такыр мүмкүнчүлүк жок.
Тойду жаман деген жерим жок. Жакшылыктын жышааны, аны четке кага албайбыз. Бирок, кээде адамгерчиликти аттап, аша чаап кетип жатканыбызды айтам да.
Келинчегим экөөбүз дүкөн иштетебиз: мен продукт ташыйм, ал сатат. Тапканыбыздын баарын үч балабыздын билимине жумшайбыз. Ишенесиңерби, өзүбүзгө байпак алганга тыйын калбай калат. Эми минтип карантин башталгандан тартып кардар жок. Жумуш токтогону аз келгенсип, катыштар токтой баштады.
Мурда той-топурга чакырылсак, эң аз дегенде он миңден кошот элек. Азыр эки миңди араң чыгарабыз.
Аялым дагы акыркы күндөрү «мен барбай эле коюнчу» дей баштады. Алтыным десе, улам бир көйнөктү кийип баргандан уялып жатканын жашырып, ооруп калдым деп кое берет. Ушу келинчегиме бир көйнөк алып бере албаганыма арданып кетем.
Бүгүн дагы кардар жок, дүкөндү эрте жапканга туура келди. Аялым экөөбүз ээрчишип алып, ойлуу басып келатсак классташ балам жолугуп калды. Тим эле жасанып алыптыр.
— Ай, кайда жөнөдүң?
— Жоки уулун отургузуптур, той берип жатат. Сени чакырган жокпу?
— Жок. Сенден угуп жатам.
— Экөөң аябай дос элең го.
— Мен дагы ошентип ойлогом.
Көрсө, менин аз кошумча кошорумду билип чакырган эмес экен. Муну эртеси өзүнөн уктум. «Дос, кечир, тойду карыз » алып өткөрдүм. Чыгашаны жабыш үчүн тандап чакырдым.» Таарынган жокмун, аны дагы түшүнүп турам.

Бул күндөр дагы өтөт. Мен буга ишенем. Кыйынчылыктардын болуп турганы жакшы. Сенинкөзүңдү ачып, кимдин-ким экени көрсөтүп коет. Буйруса ишибиз оңолсо чоң той берем. Конокторго дароо, конверттин ичине акча эмес, батаңарды салып келгиле деп айтам.

Отправить комментарий