Саламатсызбы аноним кылып чыгарып берсениз сураныч. Мен үй бүлөөдөгү көйгөйлөрдү сыртка чыгарганды жактырган аялдардын тоолуктайм. Бирок азыр мындай учурда турам эч кимге сырымды да айталбай турган абалда турам, жылуу сөзгө муктажмын азыр. Биздин уйлонгонубузго 9 жыл болуп калды. Айтышка оңой 9 жыл деп бирок оңой болгон жок түнү ыйлап, күндүзү эл көзүнө деп күлүп жүрүп жеттик. Жолдошум экөөбүз үйлөнгөнгө 2 күн калганда бир келин боюмда бар сен тийе турган баладан деп жазды. Жолдошум жалынып туруп алды эл чакырылган деп макул деп турмушка чыктым ата-энемин калоосу менен. Ал шаарда жүрдү мен ата-энеси менен балдарды карап айылда жүрдүм үй салайлы деп мен шаарга барбадым акча экономдолсун деп. Жакында болсо мындай болду танкы саат 03:30 жарымдарда үйгө келди чалып атып зорго чакырдым. Үйгө келгенде каякта жүрөсүң деп сурасам балдар менен сууга түшкөнү бардык деп айтат. Футболкасын тескери кийип моюнунда зацос далысында аял кишинин тырмак издери ич кийими суу эмес .Эмне деп ойлоштуу да билбей атам ушунчалык жиркенип атам көргүм келбейт .Жакында болсо төрөйм. Ушундай абалдан өткөн эжелер синдилер сиздер кантип жендиниздер эч күчүм калбады баарын жыйыштырып коёюн десең азыркы күндө эч кимдикине батбайсын бардык нерсе кымбатчылык да .Кыздарым атасын ушунчалык жакшы көрөт кыздарын да атасы жакшы көрөт.Кыздарымы бирөөнүн үйүнө барсан чертип койсо мага жакбайт чыдай албайм .Смс өтө эле көөп болуп кети.Кечиресиздер.


Отправить комментарий