Саласызбы ,чыгарып берип коюңузчу сураныч 😔Мен 22 жаштамын. Жогорку окуу жайлардын биринде окуйм. Кыскасын айтканда үй-бүлөлүү адам менен мамиле кылам. Менден 8 жашка улуу, аялы бар бирок балдары жок. Анткени аялы экөө 8 жылдан бери балалуу боло алышпай жүрүшөт экен. Эми болсо менин боюмда болуп калыптыр. Эмне кылсам деп ойлонуп жүрүп, кыйналып кеттим. Ага айтсам эмне дээр экен, кандай кабыл алат экен деп коркуп жатам. Билем туура эмес кылдым аялы бар адам менен жүрүп, бирок мен аны жакшы көрөм. Башында билбейт элем аялы бар экенин, мага ажырашып кеткемин деп айткан. Кийин билдим. Билгенден кийин мамиле кылбай эле коёюн деп, баардык жактан өчүрсөм дагы мени таап алып, кайра мамиле кыла баштадык. Билбейм, ал адамдан эч эле баш тарта албай койдум. Урушсаңыздар деле макул. Бирок азыр эмне кылышымды билбей турам?


Москвада турмушка чыгам деген ыймпнду Кыз келиндер танышабы
ОтветитьУдалить