Быйыл менин 20 жылдыгым. 3 ай мурун классташ балдарымдан чакыруу баракча келген. Кече айылда болот, мектепке барып, мугалимдерге белек берип, андан кийин 3 күн жыргамай.
Классташтардын баары барат. Мен да баргым келет, бирок учурдагы абалыман уялам. Эмнесин жашырайын, базарда «газ вода» сатып иштейм. Ватсаптан классташ кыздар өзүнчө группа ачканбыз. Ал жакка баары 3-4 көйнөк алганын, кандай макияж, маникюр жасатаарын жазышат.
Сүрөттөрүн карасам аябай жаш көрүнүшөт экен. А мендечи, жарытаарлык бир көйнөгүм жок.
Кайда иштээримди сурашса эмне дейм? Күйөөм кечелерде отура албайт, башында эле ичип алып, жаңжал салат. Жолдошум, «баргың келсе акча таап берем»,-деди. Көйнөктөрдү кошкондо, жок дегенде 50 000 сомдой керек. Классташтарым, «барасыңбы, эмнеге унчукпайсың»,-деп күн сайын сурашат. Аларга эмне дейм? Баргым келет, бирок бара алабайм. Мага кеңеш бересизби.
%D0%B0%D1%83%D0%BA%D0%B0%D1%83%D0%BA.jpg)

Отправить комментарий