Турмушка чыкканым төрт жыл болду.
Удаалаш эки кызым бар. Жашоо шартым кудайга шүгүр, бирок акыркы кезде жолдошумдун көңүлү бузулуп жүрөт. Буга чейин кыздарына эзилип түшүп, жумуштан шашып келчү. Жарым жылодан бери үйгө түндүн бир оокумунда келип жатат. Бир нерсени кеңешейин деп калсам өзүң кыла бер да мага айтпай деп кагып салат. Байкашымда телефонун да катып мурункудай көрүнө жерге койбойт. Башка бирөөнү таап алганбы деп күмөн санап жатам. Андан да кызуу болуп келип, жалан кыз төрөгөн аялга байлангым келбейт, уул төрөгөн катын алам деди. Бул сөз менин жүрөгүмдү көзөп кеткендей эле болду. Ага бирөө уул төрөп берем деп убада кылганбы деген дажаман ойлор келбей койгон жок.


Отправить комментарий