Балдарды тарбиялоодо ар бир адам ката кетирет. Биз, атүгүл, чоңдор да, жеткилең эмеспиз жана биздин иш-аракеттерибиз сырттан кандай көрүнөрүн жана келечекте жаш муунга кандай таасир этээрин дайыма түшүнө албайбыз. Бирок ата-энелик тарбиянын кээ бир ыкмалары пайдасынан көрө зыяны көп экенин бир эскертип отпосом болбойт.
1️⃣Атасы же апасы чоочундардын көзүнчө ачуусу келип, кыйкырып, баланы жазалайт. Ошол учурда алар башкалар да угуп атат урушканын деп ойлошпойт. Бирок балада башкалардын козунчо урушуп, жазалап аткандары эсинде калат. Жана ошондой эле эл алдында жазалоо баланын өзүнө болгон ишенимин кетирет. Анын уят сезими калыптанып калат дагы андан арылуу өтө кыйын болот.
2️⃣ Балабызды сейрек кучактап же сүйөбүз деп аз айтсак, ал үй-бүлөдөн эмоционалдык жактан ажырап калат. Биз анын сезимдерин жана пикирин укпай кайдыгерликти корсотсок балабыз башкаларга ошондой мамиле кылышы мүмкүн. Ал үчүн келечекте бирөө менен жакындашуу, ишенүү, достошуп, үй-бүлө куруу кыйыныраак болуп калат.
3️⃣ Балдарыныз менен болгон көйгөйдү "жабуунун" бир жолу - жөн эле кетип калуу жана аны унутуу деп ойлосонуз жаныласыз. Бул көптөгөн чоңдор ойлогондой баары өзүнөн өзү чечилет дегенди билдирбейт. Ата-эне менен баланын ортосундагы катуу уруштан кийин, же созунузго турбай калганыныздан, баланы алдагандан кийин кайрадан баарын оңдоого аракет кылуунуз керек - ишенимди калыбына келтирүү абдан зарыл.
✨Ал үчүн балаңызды сыйлап, тынчтанып, бирдей деңгээлде сүйлөшүү керек. Биринчиден, анын кандай сезимде болгонун угуп, көйгөйдү жана өзүңүздү баланын көз карашы менен көрүүгө аракет кылыңыз. Андан кийин сиз башынан өткөн окуяларды айтып, ачуулануунун себебин түшүндүрүп, кечирим сурашыныз керек. Ошентип сиз балага душман боло электигинизди жана сизге кайра ишенсе болорун корсотосуз
✨Ата-энелик тарбиялоо боюнча жаңы бир нерсе үйрөндүңүзбү менден ? Ушундай каталарды кетирдиңиз беле жана аларды кайра оңдодуңузбу?


Отправить комментарий